«Элдик Банк»
1.35K subscribers
2.31K photos
587 videos
8 files
1.91K links
Официальный Telegram-канал ОАО «Элдик Банк», Кыргызская Республика🇰🇬
📞9111
📲 Facebook.com/RSKkg
📲 Instagram: https://www.instagram.com/eldikbank_kg/profilecard/?igsh=dXdjNmY2Yjl3amxn
🌐 www.eldik.kg
Download Telegram
🌿 Элдик Банк туруктуу келечек үчүн «Жашыл кредиттер» продуктусун ишке киргизди

Элдик Банк сыймык менен жаңы каржылык продуктуну — «Жашыл кредиттерди» сунуштайт. Бул продукт экологиялык абалды жакшыртууга, ресурстарды үнөмдөөгө жана энергиянын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоого арналган жана ESG стратегиясынын (Экология, Социалдык жоопкерчилик жана Корпоративдик башкаруу) алкагында ишке ашырылууда.

Программа төмөнкү категориядагы кардарларга жеткиликтүү:
• Юридикалык жактарга;
• Жеке жактарга;
• Жеке ишкерлерге, дыйкандарга жана айыл чарба же айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген субъекттерге.

📌 “Жашыл кредиттердин” каржылоо максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Жаңылануучу энергия булактары:
Күн, шамал, суу, геотермалдык энергия, биомасса жана биогаз.

Энергоэффективдүүлүк жана энергияны үнөмдөө:
Энергия керектөөнү азайтуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды курулушта, жарыктандырууда, жабдууларда колдонуу ж.б.

Айлана-чөйрөнү коргоо:
Булгоолорду алдын алуу, таштандыларды азайтуу жана кайра иштетүү.

Экологиялык таза транспорт:
Электромобилдер, гибриддер, суутек автоунаалар жана тиешелүү кубаттоочу инфратүзүм.

Климаттык өзгөрүүлөргө адаптация:
Туруктуу инфратүзүмдү өнүктүрүү, эрте эскертүү системалары, климатты мониторинг кылуу.

Таштандысыз экономика жана экопродуктар:
Ресурстарды кайра иштетүү, кайталап колдонуу технологиялары, экологиялык таза продукцияны өндүрүү.

Экологиялык туруктуу жер пайдалануу:
Туруктуу айыл чарбасы жана токой чарбасы.

Суу ресурстарын башкаруу:
Таза суу, суу айлантуу системалары, жаан суусун жана агынды сууларды чогултуу.

Жашыл имараттар:
Энергоэффективдүү жана экологиялык сертификат алган объекттерди куруу.

📍Шарттары:
• Суммасы: 10 000 сомдон баштап (кредиттер үчүн), 50 000 сомдон баштап (кредиттик линиялар үчүн)
• Валюта: Кыргыз сому / чет элдик валютадагы эквиваленти

Элдик Банк туруктуу өнүгүүнү өзүнүн ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу жана стратегиялык багыттардын бири катары карайт. «Жашыл» демилгелерди колдоо экологиялык коопсуздукка гана эмес, Кыргызстанда жоопкерчиликтүү жана туруктуу каржы секторун түзүүгө да өбөлгө болот.
——-
#жашылкредиттер