«Элдик Банк»
1.35K subscribers
2.31K photos
587 videos
8 files
1.91K links
Официальный Telegram-канал ОАО «Элдик Банк», Кыргызская Республика🇰🇬
📞9111
📲 Facebook.com/RSKkg
📲 Instagram: https://www.instagram.com/eldikbank_kg/profilecard/?igsh=dXdjNmY2Yjl3amxn
🌐 www.eldik.kg
Download Telegram
"Элдик Банк" ААК делегациясы Башкарманын Төрагасынын орун басары Айчурек Жакыпованын жетектөөсү менен Кытай Эл Республикасынын Хайкоу шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) мүчө-банктарынын координаторлорунун жана
эксперттеринин кеңешмесине катышты🤝

Иш-чара Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын төрагалыгы астында өттү.

Жыйында "ШКУ БАБ 20 жылдыгына карата
Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин кеңешинин биргелешкен билдирүүсү" долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу маселелерине, ошондой эле уюмдун мүчөлүк курамын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу жана кадрларды биргелешип даярдоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Жыйынга Индия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Пакистан, Россия жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн алдыңкы каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

«Элдик Банк» ААК Банктар аралык бирикмесинин активдүү мүчөсү катары, аймактык кызматташууну жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып келет.
——
Делегация ОАО «Элдик Банк» во главе с заместителем Председателя Правления Айчурек Жакыповой приняла участие в совещании координаторов и экспертов банков-членов Межбанковского объединения Шанхайской организации сотрудничества (МБО ШОС), состоявшемся в городе Хайкоу, Китайская Народная Республика🤝

Мероприятие прошло под председательством Государственного банка развития Китая. Особое внимание на совещании было уделено проработке и согласованию проекта «Совместного заявления Совета Межбанковского объединения Шанхайской организации сотрудничества по случаю 20-летия МБО ШОС», а также вопросам расширения состава объединения. В ходе мероприятия также обсуждались вопросы развития сотрудничества в области обмена опытом и совместной подготовки кадров в рамках МБО ШОС.

В совещании приняли участие представители ведущих финансовых институтов из Индии, Казахстана, Китая, Узбекистана, Пакистана, России и Таджикистана.

ОАО «Элдик Банк», являясь активным членом МБО ШОС, регулярно участвует в мероприятиях, направленных на укрепление межбанковского сотрудничества и развитие совместных проектов в регионе.
——-
📞9111
https://eldik.kg
#элдикбанк #МБОШОС
«Айыл чарбасын каржылоо – 13» - 10% (ЭПС 10,47%) менен жеңилдетилген насыялар 🤩

Насыялар айыл чарбасынын төрт негизги багыты боюнча берилет:
🐄 Мал чарбачылыгы
🍏 Өсүмдүк өстүрүү
💧Сууну үнөмдүү сугаруу технологиялары (тамчылатып сугаруу, жамгырлатма сугаруу, тосмолор жана суу сактагычтарды куруу) жана жылытыла турган теплицалар
🚜 Айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу берүү

Жеңилдетилген насыяларды жеке адамдар жана ишкерлик субъекттери (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер) ала алышат.

Насыянын суммалары:
🔹Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү боюнча, 3 жылдык мөөнөткө:
• 300 000 сомго чейин – күрөөсүз;
• 1 000 000 сомго чейин – күрөө менен.

🔹Сууну үнөмдөөчү технологиялар жана теплицалык чарба, 3 жылдык мөөнөткө:
• 1 000 000 сомго чейин – күрөө менен.

🔹Айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу берүү, 7 жылдык мөөнөткө, баштапкы төлөм 20%:
• 50 000 000 сомго чейин, күрөө – лизингге берилген мүлк.

Толук маалыматты «Элдик Банк» филиалдарынан же www.eldik.kg сайтынан алсаңыз болот.
——
📞 9111
www.eldik.kg
#элдикбанк