«Элдик Банк»
1.35K subscribers
2.37K photos
621 videos
8 files
1.93K links
Официальный Telegram-канал ОАО «Элдик Банк», Кыргызская Республика🇰🇬
📞9111
📲 Facebook.com/RSKkg
📲 Instagram: https://www.instagram.com/eldikbank_kg/profilecard/?igsh=dXdjNmY2Yjl3amxn
🌐 www.eldik.kg
Download Telegram
ААК «Элдик Банк» агрардык секторду жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө арналган «Агроэкспорт Кыргызстан: инновациялар, кызматташтык, өсүш» аттуу ири форумга катышты.

Иш-чаранын алкагында банк айыл чарбасын жана агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган атайын каржылык продуктуларды сунуштады. Алардын катарында факторинг, агроөнөр жай комплексин насыялоо, «Айыл чарбасын каржылоо – 13» программасы, бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо жана башка айыл чарба бизнесин туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшкөн каржылык инструменттер бар.

«Элдик Банктын» өкүлдөрү «Агроэкспортту каржылоо: Элдик Банктын тажрыйбасы» темасында презентация жасап, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишилген жыйынтыктар жана келечектеги пландар тууралуу айтып беришти.
Банк башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев фермерлерди каржылоонун маанилүүлүгүн белгилеп өттү:«Фермерлер — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи. Биз алардын өндүрүшүн кеңейтүүгө, продукциянын сапатын жакшыртууга жана сырткы рынокторго чыгууга шарт түзгөн каржылык мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен колдоону максат кылып жатабыз», — деп билдирди ал.
Бул форумга катышуу менен «Элдик Банк» айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө инновациялык каржылык чечимдерди киргизүү жана агрардык сектордун өкүлдөрү менен стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө ниетин дагы бир жолу тастыктады.

📞9111
https://eldik.kg
May 22
May 26
May 26
May 26
May 27
May 28