«Элдик Банк»
1.36K subscribers
2.31K photos
590 videos
8 files
1.91K links
Официальный Telegram-канал ОАО «Элдик Банк», Кыргызская Республика🇰🇬
📞9111
📲 Facebook.com/RSKkg
📲 Instagram: https://www.instagram.com/eldikbank_kg/profilecard/?igsh=dXdjNmY2Yjl3amxn
🌐 www.eldik.kg
Download Telegram
📢Урматтуу кардарлар!

Кадамжай жана Аксы райондорунда жаңы банкоматтар орнотулганын маалымдайбыз.

Банкоматтан бардык системалардын карталарынан накталай акча алууну колдойт (Элкарт, Visa, Mastercard).

Google Pay аркылуу карталарды жана смартфондорду колдонуу менен контактсыз накталай акча алуу функциясы да бар.

📍Банкоматтар төмөнкү даректе жайгашкан:
🔹Кадамжай району, Молдо Нияз а/ө, Алга айылы, Курманжан Датка көч., 2. «Достук» дүкөнү;
🔹Аксы району, Кербен шаары, Уметалиева көч, 150/1.
———
📢Уважаемые клиенты!

Информируем вас, что в Кадамжайском и Аксыйском районах установлены новые банкоматы.

Устройства поддерживают обналичивание средств с карт всех систем (Элкарт, Visa, Mastercard).

Также доступна функция бесконтактного снятия наличных с помощью карт и смартфонов через Google Pay.

📍Банкоматы расположены по адресу:
🔹Кадамжайский район, с/у Молдо Нияз, с.Алга, ул.Курманжан Датка, 2. Магазин «Достук»;
🔹Аксыйский район, г.Кербен, ул.Уметалиева, 150/1.
———
📞9111
www.eldik.kg
Жогорку соттун мамлекеттик төлөмүн Eldik мобилдик банкинги аркылуу тез жана ыңгайлуу төлөңүз!📲

Төлөм дароо түшүү;
Реквизиттерди автоматтык толтуруу;
Коопсуз төлөмдөр – корголгон каналдар аркылуу.

Кантип төлөөгө болот?
1️⃣Башкы беттен «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүн тандаңыз;
2️⃣«Жогорку сотко мамлекеттик төлөм» опциясын басыңыз;
3️⃣Сумманы киргизиңиз (зарыл болсо, башка төлөөчүнү көрсөтүңүз);
4️⃣Маалыматтарды текшерип, төлөмдү ырастаңыз.

💡 Электрондук квитанция Тарых бөлүмүндө сакталат.
——
Оплачивайте госпошлину в Верховный суд КР быстро и удобно через мобильный банкинг Eldik! 📲

Мгновенное зачисление;
Автоматическое заполнение реквизитов;
Безопасные платежи через защищенные каналы.

Как оплатить?
1️⃣На главной странице выберите «Гос.сервисы»;
2️⃣Выберите «Оплата госпошлины в Верховный суд КР»;
3️⃣Введите сумму (при необходимости укажите другого плательщика);
4️⃣Проверьте данные и подтвердите платеж.

💡 Электронная квитанция сохраняется в разделе История.
———
📞9111
www.eldik.kg
#элдикбанк
📣Урматтуу кардарлар!

2025-жылдын 20-мартында бардык филиалдар жана бөлүмдөр 1 сааттык кыскартылган иш графиги боюнча иштей турганын билдирет.

21-март - дем алыш күн.

Бардык төлөмдөрдү алдын ала төлөөнү суранабыз.
—————
📣Уважаемые клиенты!

Сообщаем, что 20 марта 2025 года все отделения и филиалы банка будут работать по сокращенному на 1 час рабочему графику.

21 марта - выходной день.

Просим заблаговременно провести все платежи.
——
📞 9111
www.eldik.kg
#элдикбанк #режимработы
Эртен Нооруз!🌸

Ушул жадыраган майрамга карата биз мекендештерибиз менен маек жүргүздүк.

Кыргызстандыктар Ноорузду кандай майрамдашат, майрам тууралуу эмнелерди билишет.

Суроолорду гана бербестен белектерди дагы тапшырдык🎁
——
📞 9111
www.eldik.kg
#элдикбанк
Урматтуу мекендештер, сиздерди жаз майрамы – Нооруз менен куттуктайбыз!🌸

Бул күн ар бир үйгө жылуулук, кубаныч жана бакубатчылык алып келсин.

Сиздерге чын ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик жана позитивдүү гана өзгөрүүлөрдү каалайбыз!

Нооруз сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жаркын көз ирмемдерди алып келсин, достук жана биримдик ар дайым коомубуздун бекем пайдубалы болуп кала берсин.
——-
Дорогие друзья, поздравляем вас с прекрасным весенним праздником – Нооруз!🌸

Пусть этот день принесёт в каждый дом тепло, радость и достаток. Желаем вам крепкого здоровья, успехов в делах и только позитивных перемен!

Пусть Нооруз подарит вам новые возможности и светлые моменты, а дружба и единство всегда остаются прочной основой нашего общества.
Тынайбек уулу Талант Өтөгөн айылынын тургуну. Ал мал-чарбачылык менен алектенет.

Талант мырза көп жылдан бери «Элдик Банктын» кардары. Ал «Айыл чарбасын каржылоо-12» мамлекеттик долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алып малдын санын көбөйткөн.

Эске салсак бүгүнкү күндө долбоордун жаңы этабы ишке ашырылууда. АЧК-13 алкагында төрт негизги багыт боюнча 10% (НПЧ 10,47%) жеңилдетилген кредит алууга болот:
🐄Мал чарбачылыгы;
🌱Өсүмдүк өстүрүүчүлүк;
💧Сууну үнөмдөөчү сугат технологиялары (тамчылатыпсугаруу, жамгырлатып сугаруу, тосмо жанатамчылатып сугаруу суу резервуарларын куруу) жанакүнөскана чарбасы;
🚜Айыл чарба техникасынын лизинги.

Жеңилдетилген кредитти жеке жактар жана ишкердиксубъекттер (юридикалык жактар жана жеке ишкерлер) ала алышат.
———
Тынайбек уулу Талант житель села Өтөгөн. Он занимается животноводством.

Талант мырза является давним клиентом “Элдик Банка”. В рамках государственной программы «Финансирование сельского хозяйства-12» он получил льготный кредит и увеличил поголовье скота.

Напомним, что на сегодняшний день реализуется новый этап программы. В рамках ФСХ-13 выдаются льготные кредиты под 10% (эф.ст. 10,47%) по четырем направлениям:
🐄Животноводство;
🍏Растениеводство;
💧Водосберегающие технологии полива (капельное орошение, дождевание, ограждение и строительство водяных резервуаров капельного орошения) и тепличное хозяйство;
🚜Лизинг сельскохозяйственной техники.

Льготный кредит могут получить физические лица и субъекты предпринимательства (юридические лица и индивидуальные предприниматели).
———
📞 9111
www.rsk.kg
#элдикбанк #фсх13
‼️“Элдик Банк” ААК жана “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК эскертет: “Топтомо ипотека” программасынын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз
Республикасынын жарандарын алдоо аракеттерине байланыштуу алдамчылык фактылары көбөйдү.

Кара ниеттер ортомчулар катары өздөрүн тааныштырып жана "Элдик Банк" ААКда "Топтомо ипотека" программасы боюнча ипотекалык кредит алууда “көмөк көрсөтүү” менен топтоочу эсепти ачуу кызматтарды сунушташат.

‼️Эскертүү: Банк үчүнчү жактар аркылуу эсеп ачпайт. Ушул сыяктуу сунуштар – бул шылуундар.

Сактык чараларын көрүүнү суранабыз:
❗️Мобилдик банкингден жеке маалыматтарды, логиндерди жана сыр сөздөрдү эч качан башкаларга бербеңиз;
❗️Фишинг ресурстары аркылуу белгисиз сайттардагы формаларды толтурбаңыз, шылуундар сиздин эсебиңизге кирип, каражаттарды уурдап кетиши мүмкүн.

"Элдик Банк" ААК эл аралык банктык стандарттарды так сактоо менен, сиздин каражаттарыңыздын коопсуздугун камсыздайт.

Сак болуңуз, шылуундардын айла-амалдарына алдырбаңыз.

Расмий маалымат булактарын жана банктын кардарларын тейлөө кызматын гана колдонуңуз.

Жалгыз ишенимдүү ресурстар:

🔹”Элдик Банктын” сайты www.eldik.kg. WhatsApp +996 (706) 911 111.

🔹”МИК” ААКнун сайты www.gik.kg, Whatsapp: +996 (553) 988 901.
 
 
‼️ОАО «Элдик Банк» и ОАО «Государственная ипотечная компания» предупреждают: участились случаи мошенничества, связанные с попытками обмана граждан Кыргызской Республики, находящихся за рубежом в рамках программы «Накопительная ипотека».

Злоумышленники представляются посредниками и предлагают услуги по открытию накопительного счёта с последующим «содействием» в получении ипотечного кредитапо программе «Накопительная ипотека» в ОАО «Элдик Банк».

‼️Обращаем внимание: банк не открывает счета через третьих лиц.

Любые предложения подобного рода — это мошенничество. Просим соблюдать мерыпредосторожности:

❗️Никогда не передавайте свои личные
данные, логины и пароли от мобильного банкинга посторонним;·

❗️Не заполняйте формы на неизвестных сайтах — через фишинговые ресурсы злоумышленники могут получить доступ к Вашей учетной записи и украсть средства.

ОАО «Элдик Банк» обеспечивает безопасность Ваших финансов, строго следуя
международным банковским стандартам.

Будьте бдительны, не поддавайтесь на уловки мошенников. Используйте только официальныеисточники информации и службу поддержки банка.

Единственно верный сайт банка www.eldik.kg. Контакты: 9111, WhatsApp +996 (706) 911 111. Сайт ГИК www.gik.kg, Whatsapp: +996(553) 988 901.
«Элдик Банк» ААК өзүнүн туруктуу жана ишенимдүү экендгиин тастыктоо менен, Кыргызстандын эң алдыңкы үч кредиттик-финансылык институттарынын арасында өз позициясын бекем сактоодо.

Акционерлер Банктын туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүн белгилешти, бул, албетте, анын финансылык натыйжаларында даана чагылдырылууда: Банктын 2024-жылга карата таза пайдасы 208% га жетип, тарыхый бурулуш көрсөткүчүнө ээ болду.

Бүгүн «Элдик Банк» ААК акционерлеринин Жылдык жалпы чогулушу болуп өттү, ага Акционердик коомдор менен иштөө башкармалыгынын башчысы Т.Ж.Малбашев, Улуттук банктын өкүлдөрү, Элдик Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү катышты.

Чогулушутун отурумунун жүрүшүндө Элдик Банктын 100% пайдасын дивиденддерди төлөөгө багыттоо чечими кабыл алынды. Мында, Банк өлкөбүздүн бюджетин түзүүчү ири компаниялардын бири болуп саналарын эске сала кетебиз.

Ошондой эле, бул чогулушта Банктын жылдык финансылык отчету жана бюджети бекитилип, 2025-жылга өнүгүү багыттары аныкталды.

2024-жылды Элдик Банктын өнүгүүсүндөгү олуттуу этап катары белгилөөгө болот, анткени Банк өзүнүн аталышын ийгиликтүү өзгөртүп, башка ребрендинг менен кеңири алкакка таанылууда, бул анын тарыхындагы жаңы баскыч болуп калууда.

2024-жылы жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Банк бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырды.

2025-жылы Банк санариптештирүү, туруктуу өнүгүү жана дүйнөлүк каржы рыногуна чыгуу багытында ишин улантат.

Элдик Банк каржы рыногунда өзүнүн позициясын кеңейтип, бекемдөөдө.

Элдик Банк – эл үчүн!
Мы рады сообщить, что “Элдик Банк” запускает программу поощрения клиентов за оставленные отзывы!

Ваше мнение помогает нам становиться лучше, и мы хотим отблагодарить вас за это.

Как оставить отзыв:
Во всех отделениях “Элдик Банка” размещены специальные QR-коды. Отсканируйте код с помощью камеры вашего смартфона и заполните форму обратной связи.

Мы будем рады простой оценке, подробному отзыву и предложениям по улучшению качества работы.

Далее наши специалисты свяжутся с вами для уточнения деталей получения подарка.
———
Биз сиздер менен жакшы кабар бөлүшүүгө кубанычтабыз — “Элдик Банк” кардарлардын пикирлери үчүн ыраазычылык программасын баштады!

Сиздин оюңуз биз үчүн маанилүү — ал биздин жумушту жакшырууга жардам берет, жана биз бул үчүн сизге ыраазычылык билдиргибиз келет.

Кантип пикир калтырса болот:
“Элдик Банктын” бардык бөлүмдөрүндө атайын QR-коддор жайгаштырылган. Телефонуңуздун камерасы аркылуу кодду сканерлеп, кыскача анкета толтуруңуз.

Биз сизден жөнөкөй баалоону да, толук пикириңизди жана кызматты жакшыртуу боюнча сунуштарыңызды да кубануу менен кабыл алабыз.

Андан соң, биздин адистер белекти алуу боюнча маалыматты тактоо үчүн сиз менен байланышат.
——-
📞 9111
www.rsk.kg
#элдикбанк
«Элдик Банк» – ФК «Абдыш-Ата» клубунун расмий өнөктөшү🤝

Футбол клубу «Абдыш-Ата» «Элдик Банк» менен расмий өнөктөштүк башталганын сыймыктануу менен жарыялайт. Бул кызматташтык клубдун жана жаштар академиясынын өнүгүүсүнө, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана жалпы кыргыз футболун колдоого багытталган⚽️

ФК «Абдыш-Ата» клубунун башкы директору бул өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи:
««Элдик Банк» менен кызматташуу – биздин клуб үчүн маанилүү кадам. Биз биргеликте жаңы ийгиликтерге жетишебиз деп ишенебиз».

«Элдик Банк» да Кыргызстандагы спорттун өнүгүүсүн колдой турганын баса белгиледи:
«Спорт – бул ден-соолукту чыңдоонун жана коомду бириктирүүнүн маанилүү бөлүгү. Футбол биримдикти, шыктандырууну жана негизги баалуулуктарыбызды – командалык ишти, жыйынтыкка умтулууну жана өнүгүүнү чагылдырат. Биз өлкөбүздүн алдыңкы клубдарынын бирин колдоп жаткандыгыбызга кубанычтабыз».

ФК «Абдыш-Ата» «Элдик Банкка» көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, бул өнөктөштүк кыргыз футболуна чоң пайда алып келерине ишенет!

———————————————

Элдик Банк – официальный партнер ФК «Абдыш-Ата»🤝

Футбольный клуб «Абдыш-Ата» с гордостью объявляет о партнерстве с Элдик Банком. Это сотрудничество направлено на развитие клуба и молодежной академии, реализацию инфраструктурных проектов и поддержку кыргызского футбола в целом⚽️

Генеральный директор ФК «Абдыш-Ата» отметил значимость этого партнерства:
«Сотрудничество с Элдик Банком – важный шаг для нас. Мы уверены, что вместе сможем достичь новых успехов».

В «Элдик Банке» подчеркнули свою приверженность развитию спорта в Кыргызстане: «Спорт — важная часть здорового общества. Футбол объединяет, вдохновляет и отражает наши ценности — командную работу, стремление к результату и развитие. Мы рады поддерживать один из лучших клубов страны».

ФК «Абдыш-Ата» благодарит Элдик Банк за доверие и надеется на продуктивное партнерство, которое принесет пользу всему кыргызскому футболу!